Ссылки доступа

Душанбеде таксисттерге алты жылдан эски машинелер менен жүрүүгө тыюу салынууда (видео)


Душанбеде жакын арада миңдеген таксисттер жумушсуз калышы мүмкүн. Мамлекеттик автоинспекция 2016-жылга чейин чыккан машинелерге берилген сары номурларды алып коюуда.

Душанбедеги "Рахш" такси кызматынын айдоочусу Сарафроз Шарипов жумушсуз калды. Бир апта мурун МАИ кызматкерлери ага иштөөгө тыюу салган.

"Мага МАИден чалып, такси үчүн гана бериле турган сары номерди кайтарууну талап кылышты. Мындан ары иштей албай турганымды айтышты. Эми эмне менен алектенем? Мен таксиде иштейин деп машине сатып алгам", – деди Шарипов.

Сары номерлердин алынышына ондогон айдоочулар даттанууда. Тажикстандын Транспорт министрлиги менен "Душанбетранссервис" башкармалыгы 2016-жылга чейинки машинелердин иштөөсүнө тыюу салуу болбогонун, мындай сунуш берилбегенин билдиришти.

Шаардык МАИ бөлүмү калаада пландуу иш-чаралар жүрүп жатканын кабарлашты. "2016-жылга чейин чыккан автоунааларды каттамдан алуу деген сөздөр туура эмес. Жыл сайын биз "Операция "Пешеход", "Операция "Остановка", "Автобус" жана башка рейддерди өткөрүп келебиз. Бул жеңил автоунаалардын кыш мезгилине карата даярдыгын, техникалык абалын текшерүү үчүн жүргүзүлөт. Айдоочулар кемчиликтерин жойгондон кийин автомобилдердин номурлары кайтарылат", – деди МАИ өкүлү Бахтиер Вайсзода.

Расмий маалыматтар боюнча Душанбеде төрт миңдей такси иштейт.

В Душанбе таксистам запрещают ездить на машинах старше шести лет
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

Видео

XS
SM
MD
LG