Буга чейин Эл аралык олимпиада комитети Ооганстандын Улуттук олимпиада комитети (мүчөлөрүнүн көбү чет өлкөлөрдө) менен кеңешме өткөрүп, Париждеги оюндарга алты ооган спортчусун – үч эркек жана үч аялды чакырышкан. Алардын ичинен бир гана спортчу Ооганстанда жашайт.
Талибдер түзгөн өкмөттүн спорт тармагына жооп берген өкүлү Атал Машвани Олимп оюндарына Ооганстандын атынан эркектер гана катыша аларын, анткени өлкөдө аялдарга спорт менен алектенүүгө тыюу салынганын билдирди.
Ооганстандын атынан чыгууга тыюу салынган үч аял спортчу Олимпиадага Ооганстан Демократиялык Республикасынын кара-кызыл-жашыл желеги менен катышмай болду.
"Талибан" кыймылы 2021-жылы Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин аялдардын бардык тармактардагы укуктарын кескин чектеген. Аларга орто мектептерде 6-класстан кийин билим алууга, жогорку окуу жайларга тапшырууга, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдарда иштөөгө, ошондой эле спорт менен алектенүүгө тыюу салынган. Мындан тышкары аялдар үчүн катаал дресс-код киргизилип, алар эркектердин коштоосусуз саякаттай албай калышкан.
"Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин өлкөнүн жүз миңдеген жараны өз өмүрү жана эркиндиги үчүн кооптонуп, Ооганстандан чыгып кетишкен. Алардын арасында искусство, журналистика, билим берүү жана илим тармактарында иштеген адискөй аялдардан тышкары спорт менен алектенип, бул жаатта карьера куроону каалаган кыз-келиндер да болгон.