Журналисттер бул видеону түрмөлөрдө ооган аялдарына карата катаал мамиленин алгачкы түз далил катары сыпатташууда.
Укук коргоочу журналисттерге сексуалдык зордук-зомбулук камтылган видеону ага талиб согушкерлеринин бири жөнөткөнүн, Ооганстанстандын азыркы бийлигин сындаганды токтотпосо, интернетке чыгарам деп коркутуп жатканын айтты.
Күзөтчүлөрдүн бири телефонуна тартып алган делген видеодо укук коргоочуга чечинүүгө буйрук берилгенин, андан кийин эки согушкер аны бир нече жолу зордуктаганын көрүүгө болот. Ошол эле маалда ооган аял колу менен бетин жабууга аракет кылган, бирок куралчан адам аны түртүп жибергенде аялдын жүзү көрүнүп калган.
Видеодо кимдир бирөө: "Ушнча жыл америкалыктар сени зордуктап келишкен, эми биздин кезегибиз" деп айтканын угууга болот.
Активист талибдердин режимине каршы акцияга катышканы үчүн кармалганын айтты. Ал түрмөдөн чыккандан кийин Ооганстандан кетүүгө аргасыз болгон.
The Guardian белгилегендей, басылмага буга чейин да талибдердин түрмөлөрүндө кыйноо жана зордук-зомбулуктан аман калган ооган аялдарынан арыздар түшкөн. Алардын көбү хижабды туура эмес кийгени үчүн камакка алынган. Түрмө кызматкерлери мындай абактагы аялдарды электр тогу менен уруп, кабелдер менен сабап, таш бараңга алабыз алып коркутушкан.
Ооганстанда ондогон жылдар бою уланган согуш аялдарга эбегейсиз зыян келтирди. Ал жерде сексуалдык зордук-зомбулуктан аман калгандар тууралуу дээрлик эч нерсе белгилүү эмес. Аскерлердин жана согушкерлердин зомбулуктарынан аман калгандарга бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жардам же колдоо көрсөтүлгөн жок.