Ссылки доступа

Түркмөнстандык активист Орусиядан мекенине депортацияланышы мүмкүн


2023-жылдын март айынан бери Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы тергөө абагында отурган түркмөнстандык Тачмырат Бекиев Красное Село районундагы №1 чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга которулду.

Түркмөн Хельсинки фонду 27-майда өз булактарына таянуу менен ал депортацияга даярдалып жаткан болушу мүмкүн экенин жазды.

Тачмырат Бекиев 2023-жылдын августунда Орусиядан Түркмөнстанга депортацияланган Ашырбай Бекиевдин бир тууганы. 2015-жылы Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлиги бир туугандарды улуттук жана диний кастыкты козуткан деген айып менен издөөгө алган.

Бекиевдердин жакындарынын жана тааныштарынын айтымында, бир туугандар ислам динин тутушат, бирок алардын ишеними экстремисттик жана радикалдык көз караштар менен дал келбейт.

Түркмөн Хельсинки фондунун маалыматы боюнча, Түркмөнстанга депортацияланган Ашырбай Бекиев 2023-жылдын октябрында “ислам экстремизми” деген айып менен 23 жылга эркинен ажыратылган. Байкоочулар бул өкүмдү узак мөөнөттүү абакка кесүү аркылуу жарандарды коркутуу тажырыйбасынын уландысы катары баалашкан.

XS
SM
MD
LG