Мекеме өкүлү Лутфулло Хасанзоданын айтымында, 2024-жылдын алгачкы алты айында Тажикстан Ооганстанга 42,4 миллион долларга товар экспорттоп, 3,5 миллион долларга импорттогон.
"Былтыркы жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу быйыл Ооганстан менен товар алмашуу көлөмү дээрлик 23 миллион долларга көбөйгөн. Тажикстан Ооганстанга негизинен цемент, жашылча-жемиш, көмүр жана электр энергиясын экспорттоп, ал жактан айыл чарба азыктарын сатып алган", – деди Хасанзода.
Ошол эле маалда Ооганстандын маалыматында эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү тажик тарап көрсөткөндөн 1,5 эсеге аз экени жазылган. Анда өлкө 2024-жылдын жети айында Тажикстанга 8 миллион долларга товар экспорттоп, 22 миллион долларга импорттогону белгиленген.
Тажиктан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле "Талибандын" өкмөтүн тааныган эмес жана аны инклюзивдүү өкмөт түзүү убадасын аткарбаганы үчүн сынга алып келет.