Ссылки доступа

Трамп жана Байден партиялык съезддердин көбүнүн колдоосуна ээ болушту


АКШда азыркы президент, демократ Жо Байден да, мурдагы президент, республикачы Дональд Трамп да партиялык съезддердин делегаттарынын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болушту. Быйыл жайында алар ноябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерди расмий түрдө көрсөтүшөт.

Байден жана Трамп негизги талапкерлер экени баштапкы добуш берүүлөрдө (праймериз) эле белгилүү болгон, бирок делегаттардын тийиштүү көпчүлүгү 12-мартта бир катар штаттарда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында формалдуу түрдө аныкталды.

Добуш берүү формалдуу мүнөздө өттү, анткени Байдендин да, Трамптын да негизги атаандаштары өз талапкерлигин коюудан буга чейин баш тартып коюшкан.

Трамп шейшемби күнү Жоржияда, Миссисиппиде, Вашингтондо (ал жакта анын атаандашы Никки Хейлини шайлоодон баш тартканына карабастан республикачылардын 20% колдоду) жана Гавайиде, ал эми Байден Жоржияда, Миссисиппиде жана Вашингтондо жеңишке жетишти.

Сурамжылоолордун көпчүлүгү азыркы тапта Трамп Байденден бир аз алдыда экенин көрсөтүүдө.

Президенттик шайлоо Кошмо Штаттарда быйыл 5-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG