Ссылки доступа

Трамп өзүнө карата дагы бир айып коюлуп жатканын билдирди


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жашыруун документтерди туура эмес колдонуу боюнча айыпталып жатканын билдирди.

Азырынча айыптын өзү жарыялана элек. Трампка кандай беренелер боюнча айып тагылганы 13-июнда, Трамп Майамидеги федералдык сотко барганда белгилүү болот. Андан соң саясатчынын бөгөт чарасы каралып, тергөөнүн материалдары жарыяланат.

New York Times өз булактарына таянып кабарлагандай, айыптоо жети эпизоддон турат, анын ичинде ант алдында калп айтуу жана сот адилеттигине тоскоол болуу үчүн кутумчулук бар.

Трамп өзүнүн күнөөсү жок экенин айтып, азыркы президент Жо Байденди саясий куугунтукка айыптоодо.

Ушуну менен Дональд Трампка экинчи жолу айып тагылууда. Ошондой эле бул федералдык прокуратура АКШнын мурдагы президентине айып таккан алгачкы учур.

АКШда арачылар соту 9-майда Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп тапкан.

Трамп айыптарды четке кагып, ишти "саясий куугунтук" деп атаган жана 2024-жылкы шайлоодо ат салышуу планынан баш тартпай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG