Маалыматка ылайык, Путиндин тун уулу Иван 2015-жылы, Владимир 2019-жылы төрөлгөн. Алардын сүрөттөрү бар, бирок журналисттер этикалык себептерден улам көрсөткөн эмес. Тергөөнүн айтымында, балдар жеке учактар менен жүрүшөт. Путинге тиешелүү яхталарда, Федералдык коргоо кызматынын коргоосунда саякатташат, коомдук жайларга чыкпай, президенттик резиденцияларда жашашат. “Досьенин” булагы Путиндин резиденциясында иштеген адам экени айтылууда. «Ал мамлекет башчынын балдары менен күндө байланышпаса да көп жолугат жана атын атабоо шарты менен сүйлөшүүгө макул болгон», – деп айтылат иликтөөдө.
Журналисттер буга чейин да Путин менен Кабаеванын балдары бар экенин жазып чыгышкан. Тактап айтканда, швейцариялык SonntagsZeitung гезити Путиндин 2015 жана 2019-жылдары төрөлгөн эки уулу бар экенин, алардын бири Швейцарияда экенин кабарлаган. Ошондой эле Кабаева экинчи баласын Москвада швейцариялык дарыгердин көзөмөлүндө төрөгөнү айтылган. Бул маалыматты “Досье” тастыктады. Балдардын ысымдары биринчи жолу ачыкка чыкты.