Ссылки доступа

Түрк бийлиги Telegram мессенжерин бөгөт менен коркутууда


Түркия эгер Telegram мессенжери өлкө бийлигинин суроо-талаптарын четке кагууну уланта берсе, сервиске  бөгөт коюларын эскертти. Daily Sabah гезити бул тармакты көзөмөлгө алган түзүмдөр мессенжердеги мыйзамсыз мазмунга байланыштуу миңден ашык суроо-талаптарды жөнөтүшкөнүн жазды.  

Бийлик мессенжерден баңги аткезчилиги, балдарга сексуалдык зомбулук, сойкулук жана кумар оюндарына байланышкан каналдардын администраторлору жана катышуучулары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарууну талап кылууда. Мессенжерге миңден ашык кат жөнөтүлгөнү, бирок алардын бирине да жооп келбегени айтылат.

Мессенжер гезиттин маалыматына комментарий берген жок, деп жазат Daily Sabah. Регулятор менен полициянын каттары сервистин Англядагы дарегине жөнөтүлгөн. Мессенжер Британиядагы кеңсесин жапкан жана компания БАЭде жайгашкан.

2-августта түрк бийлиги өлкөдө Instagram социалдык тармагын жапкан. 10-августта ал бөгөттөн чыгарылды. Түркиянын инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу X социалдык тармагындагы баракчасында Instaram өкүлдөрү өкмөткө "колдонуучуларга карата цензура боюнча биргелешип иштөөгө" убада бергенин айтты.

XS
SM
MD
LG