Ссылки доступа

Түркмөнстан үч өлкө менен эл аралык транспорттук каттам түзүү жөнүндө келишимге кол коет


Каспий деңизи. (архив сүрөт)
Каспий деңизи. (архив сүрөт)

Быйыл Түркмөнстан, Азербайжан, Грузия жана Румыния "Каспий деңизи – Кара деңиз" деп аталган эл аралык транспорттук каттам түзүү жөнүндө төрт тараптуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюуну пландап жатышат. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Бухарест шаарында Румыниянын Транспорт министринин мамлекеттик катчысы Адриана Георге Фогиша менен Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Гурбановдун жолугушуусу өттү.

"Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин бардык негизги багыттары, анын ичинде саясий жана дипломатиялык өз ара аракеттенүү, соода-экономикалык жана маданий-билим берүү өнөктөштүгү боюнча диалог жүргүзүштү", – деп жазылган түркмөн ТИМинин билдирүүсүндө.

Буга чейин түркмөн газын Азербайжан жана Грузия аркылуу Түркияга жеткире баштоо ыктымалдыгы жөнүндө кабарланган. Европа биримдиги Европа менен Борбор Азияны байланыштыра турган Транскаспий транспорт коридоруна 10 миллиард евро инвестиция салууну пландап жатат.

XS
SM
MD
LG