Ссылки доступа

Түркмөнстанда кыздардын "тазалыгы" текшерилүүдө


Түркмөнстандын Балкан облусунда жогорку класстарда окуган кыздардын "кыздык белгилери" текшерилүүдө. Бийлик муну өспүрүмдөрдүн арасындагы кош бойлуулуктун алдын алуу жана алардын "адеп-ахлак тазалыгын" баалоо зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

"Балкан облусундагы Балканабад жана Түркмөнбашы шаарларында 9-11-класста окуган кыздар милдеттүү түрдө гинекологиялык текшерүүдөн өтүүгө мажбурланууда. Анын жүрүшүндө жыныстык катнашка барган кыздар аныкталып, тизмелери аймактык полицияга жана Улуттук коопсуздук министрлигине берилүүдө", - деди атын атагысы келбеген жергиликтүү мугалимдердин бири.

Жергиликтүү Билим берүү бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин айтымында, полиция кыздардын ыктымал сексуалдык өнөктөштөрүн аныктоо үчүн алардын уюлдук телефондорун да текшерүүдө.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бул 18ге чыга элек кыздар менен жыныстык катнашка баргандарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу максатында жасалып жатканын айтууда. Учурда облуста масштабдуу текшерүү иштери жүрүп жатат", – деди Балканабад билим берүү бөлүмүнүн аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, бийлик гинекологиялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн кыздардын өзүлөрүнүн же алардын ата-энелеринин макулдугун сураган эмес.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы бул боюнча Балкан облусундагы өкмөттүк аткаминерлерден маалымат ала алган эмес.

Өкмөт кыздардын гинекологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп жатышынын себептери боюнча расмий маалымат берген жок. Бирок жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин бири бул акыркы жылдары аймакта өспүрүм кыздардын арасында кош бойлуулук фактылары көп катталып жатканына байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, Балканабад шаарында эле мындай алты учур катталган.

"Бул маалымат Билим берүү министрлигине жетип, Балкан облустук билим берүү башкармалыгынын башчысына катуу сөгүш берилген. Бул окуядан кийин жергиликтүү аткаминерлер дароо ири шаарларда "адеп-ахлак тазалыгын" текшере башташты", – деди ал.

XS
SM
MD
LG