Ссылки доступа

Түркмөнстанда бийлик кремлчил пропаганда жүргүзүүдө


Түркмөнстанда аткаминерлер Кремлди жактаган пропагандалык иш-чараларды өткөрүп жатышат. Алар Батышты Украинадагы согушту тутантууга айыптап, өлкөнү туруксуздаштырууга аракет жасаган чет өлкөлүк "тыңчылардан" сак болууга чакырууда.

Күн мурун Билим берүү министрлигинин кызматкерлери полициячылар менен бирге Балкан, Лебап облустарында студенттер жана жумушчулар менен жолугушууларды өткөрүштү. Иш-чара маалында аларды түркмөн жаштарынын "мээсин айландырган" батыш ЖМКларынан жана маданиятынан оолак болууга үндөштү.

"Аткаминерлер эгер биз жаштарды батыштын жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана маданиятынан оолак кармабасак, Украинада болуп жаткандар эртең Түркмөнстанда болушу мүмкүн деп айтышты",- деди жергиликтүү тургундардын бири.

Ашхабад Орусиянын Украинага кол салуусу боюнча расмий түрдө эч качан өз позициясын билдирген эмес. Бирок ал согуш маалдында да Кремль менен тыгыз байланыштарын сактап келет.

XS
SM
MD
LG