Ссылки доступа

Түркмөнстан бир палаталуу парламентти кайра кайтарууну пландоодо


Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов парламенттин жогорку палатасын кайра жоюп, бир палаталуу системага кайтууну сунуштады. Бул тууралуу ал 11-январда өлкө парламентинин кош палатасынын жыйынында билдирди.

Сунушка ылайык, эки жыл мурун гана парламенттин жогорку палатасы деп жарыяланып, төрагалыгына өлкөнүн ошол кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедов шайланган Халк Маслахаты (Элдик кеңеш) кайрадан бийликтин өз алдынча органы болуп калат. Ага Конституцияны өзгөртүү, конституциялык мыйзамдарды кабыл алуу, өлкөнүн ички жана тышкы саясатын аныктоо ыйгарым укуктары берилери кабарланды.

Экс-президент жаңы түзүлө турган Халк Маслахаты өз ичине бийликтин бардык бутактарын камтый турганын белгилеп, анын келечектеги курамын төмөндөгүдөй кылууну сунуштады: Халк Маслахатынын төрагасы, өлкө президенти, Межлис төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы, Межлис депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, башкы прокурор, юстиция министри, облус, район жана шаар акимчиликтеринин башчылары, Халк Маслахатынын аймактардагы бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү бийиктердин өкүлдөрү, саясий партиялардын, кесиптик кошуундардын жана башка коомдук уюмдардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү жана аксакалдар.

Ошол эле күнү өлкөнүн расмий ЖМКлары Гурбангулы Бердымухамедовдун жана анын уулу, азыркы президент Сердар Бердымухамедовдун тиешелүү жарлыгы менен токтомун жарыялашты.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, Гурбангулы Бердымухамедов "абсолюттук бийликти" кайра өз колуна алуу үчүн бул реформа жөнүндө 2022-жылы жайында эле ойлоно баштаган.

"Жаңы түзүлө турган Халк Маслахатынын башчылыгына 65 жаштагы экс-президентти шайлоо чечими эчак эле кабыл алынган. Бул орган өз алдынча институт жана бийликтин жогорку бутагы катары Гурбангулы Бердымухамедовго бийликти уулу менен үй-бүлөсүнүн колуна топтоого активдүү катышууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик иштерде тажрыйбасы аз Сердар өзүн ыңгайсыз сезип жатканын баары эле байкады, ага кеңешчи катары атасынын жардамы керек. Гурбангулы Бердымухамедов азыр деле ички да, тышкы да саясатка активдүү катышып жатат. Президенттиктен кеткенден кийин бир нече жолу чет өлкөлөрдө сапарда болуп, Түркмөнстанда өткөн бардык саммиттерге катышты. Бул Сердардын тажрыйбасыздыгын ачык көрсөтүүдө. Экс-президент Халк Маслахатын кайра түзүү менен өзүнүн бийлик башында экенин кагаз жүзүндө бекитүүдө. Ал президенттин ыйгарым укуктарындагы маселелер менен алектенип, уулунун ишине кийлигишип жатканын коомчулукка байкатпоону максат кылууда", – деп билдирди булак.

2022-жылы мартта Гурбангулы Бердымухамедов президенттиктен кетип, анын ордуна уулу Сердар мамлекет башчысы болуп шайланган. Ошол эле айда алгачкы жолу парламенттин жогорку палатасына шайлоо өткөн. Андан соң Гурбангулы Бердымухамедов жаңы гана кабыл алынган Конституцияны бузуу менен Халк Маслахатынын мүчөсү, кийин төрагасы болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG