Ссылки доступа

Түркмөнстан согушка катышууга жол бербөө үчүн жарандарынын Орусияга баруусуна чектөө киргизди


Түркмөнстандын бийлиги өлкөдөн чыгууга аракет кылган, өзгөчө Орусияга кетүүгө камданган жарандарга көзөмөлдү күчөттү.

Бул Украинадагы согушка катышуу үчүн түркмөн жарандарын азгыруу фактылары тастыкталганы менен түшүндүрүлүп жатканын "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Түркмөнстандын күч түзүмдөрү ар кандай шылтоолор менен Орусияга барууга каалагандарга тыюу салууда. Тактап айтканда, Ашхабад аэропортундагы полицияга, миграция кызматына жана чек арачыларга жаштардын чыгып кетүүсүнө бөгөт коюу тапшырмасы берилди. Бул тапшырма жок дегенде өткөн айдан бери күчүндө.

Мурдараак Түркмөнстандын жарандарын Орусияга учкан учактарга киргизбей койгон учурлар көбөйгөнү кабарланган. Мындай чектөөлөр март айында Москвада болгон теракттан кийин тез-тез кайталанган.

Ал арада түркмөн жарандарынын арасында орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта алуу үчүн согуштук аракеттерге катышууга макул болгондордун саны өсүп жатканы айтылат. Көптөр социалдык-экономикалык кризис шартында өлкөдөн чыгып кетүүнүн жолун издеп жатышат.

“Эту войну я считаю священной”. Туркменистанец воюет в составе ВСУ против российских оккупантов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:47 0:00

XS
SM
MD
LG