Ссылки доступа

Түркияда Instagram бөгөттөлдү


Түркияда Instagram социалдык түйүнү бөгөттөлдү. Мындай чечимди өлкөнүн Технологиялар жана коммуникациялар боюнча кеңеши кабыл алганын Hurriyet басылмасы кабарлады.

Билдирүүдө бөгөттөөнүн себептери жана мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.

Түрк ЖМКларынын маалыматына караганда, бийлик мындай чечимди президенттик администрациянын коммуникациялар боюнча директору Фахреттин Алтун ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлүмүнө байланыштуу көңүл айткан билдирүүлөрдү бөгөттөгөнү үчүн Instagram'ды сынга алгандан кийин кабыл алган болушу мүмкүн.

"Бул ачык эле цензура кылуу аракети. Биз буга чейин бир канча жолу глобалдык эксплуатациялык тартипке жана акыйкатсыздыкка кызмат кылганын көрсөткөн бул платформаларга каршы сөз эркиндигин коргоону улантабыз. Биз палестиналык бир туугандарыбызды кандай гана шартта жана платформада болбосун, колдой беребиз", – деп жазган Алтун.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган палестиналыктарга жардам берүү үчүн Анкара Израилге кириши мүмкүн экенин айткан.

"Израил Палестинада акылга сыйбас иштерди кылбашы үчүн биз абдан күчтүү болушубуз керек. Тоолуу Карабак менен Ливияга кандай кирсек, аларга да ошондой киребиз, буга эч тоскоолдук жок", - деген Эрдоган.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги түрк президентинин бул билдирүүсүнө жооп кайтарып, аны 2006-жылы өлтүрүлгөн Саддам Хусейнге салыштырган.

XS
SM
MD
LG