Ссылки доступа

Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү үчүн расмий арыз тапшырды


18-майда Брюсселде Швеция менен Финляндиянын элчилери НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге Түндүк атлантикалык союзга кирүү үчүн расмий арыз тапшырышты.

Столтенберг НАТО алардын уюмга кирүүсү тездетилген тартип менен өтөрүнө үмүт артарын билдирди.

Швеция менен Финляндия бейтарап макамынан баш тартып, Орусия Украинага кол салгандан кийин НАТОго кошулууну чечишти.

Бул өлкөлөрдүн арызын НАТО Кеңеши карап чыгат, андан соң Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгүн уюмга мүчө 30 өлкө ратификациялоого тийиш.

Түндүк атлантикалык аскердик альянстын мүчөсү – Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун билдирген. Ал Хельсинки менен Стокгольмду терроризмди колдоого айыптап, Анкара террорист деп эсептеген кишилерге саясий баш паанек берип жатканын айткан.

Бүгүн Bloomberg сайты кабарлагандай, Түркиянын бир катар шарттары аткарылса, ал макул болууга даяр. Анкара бул өлкөлөр Түркияда террордук деп таанылган Күрд жумушчу партиясын ачык айыптап чыгышы керек деп эсептейт.

Мындан тышкары Түркия F-35 истребителдерин жеткирүү программасына кайрадан кошууну талап кылууда. 2019-жылы Анкара Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин сатып алгандан кийин бул программадан чыгарылган.

Анкара скандинавиялык бул өлкөлөр башка европалык мамлекеттер менен бирге курал-жарак экспортуна киргизилген чектөөлөрдү алып салышын да суроодо. Түркия 2019-жылы Сирияда аскердик операцияларын баштагандан кийин Анкарага санкция салынган.

XS
SM
MD
LG