Анкара өз кызыкчылыктарын коргоодо, ошондуктан көптөгөн батыш өлкөлөрү киргизген чектөөлөргө кошулган жок. Калындын айтымында, Батыш бул позицияны түшүндү.
Анкаранын расмий өкүлү Түркия чет өлкөлүк энергия булактарына көз каранды экенин, ошондуктан "Иран сыяктуу эле Орусия менен да мамилени өнүктүрүп жатканын" баса белгиледи.
Украинада согуш башталгандан бери Батыш өлкөлөрү Орусияга карата алты санкциялар топтомун киргизди. Алардын арасында орус энергоресурстары да бар.
Жакын арада Орусиядан алтын импорттоого да тыюу салынары күтүлүп жатат. Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун айтымында, бул акыркы жылдары активдерин алтынга алмаштырган орус олигархтарына жана "путиндик аскердик машинеге" да сокку болот.