Ссылки доступа

Түркия Орусиянын кош каттоодогу учактарына өлкө аймагы аркылуу учуп өтүүгө тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түркиянын бийлиги 1-ноябрдан тарта эки юрисдикцияда каттоодон өткөн учактарга өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу учууга тыюу салды. Бул тууралуу РБК басылмасына Pegas Touristik туристтик операторунун башкы директору, Nordwind авиакомпаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Анна Подгорная билдирди.

Анын айтымында, Түркиянын аба мейкиндигин айланып өтүү зарылдыгына байланыштуу Египетке учкан каттамдардын учуу узактыгы 20-30 мүнөткө көбөйдү.

РБКнын маалыматына караганда, "Аэрофлот", "Россия", Pegas Fly, Red Wings жана iFly авиакомпанияларында да бул багыт боюнча каттамдары бар же жаңы ачууну пландап жатышат.

Орусиянын Транспорт министрлиги жакын арада Түркия менен бул тыюу салууну талкуулайт. Мекеме өкүлү башка өлкөлөр Москваны айыптап жаткан кош каттоону "дискриминация" деп атады. Анын айтымында, бул Чикаго конвенциясынын 44-беренесинде жазылган Эл аралык жарандык авиация уюмунун максаттарына каршы келет.

Орус авиакомпанияларынын чет элдик учактарынын көбү Бермуд аралдарында каттоодон өткөн. Бирок Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Бермуд бийлиги ал учактардын учууга жарактуу экендиги тууралуу сертификаттарынын мөөнөтүн токтотуп койгон. Ошол эле маалда орус авиакомпанияларынын өтүнүчүнө карабастан лайнерлерди өз каттоосунан чыгарган эмес. Учактарды эски юрисдикциядагы каттоосунан лизинг компанияларынын макулдугу менен гана чыгарууга болот.

Орусиянын бийлиги авиапаркын сактап калуу үчүн 500дөн ашык учагын орусиялык юрисдикцияга каттоого тургузган. Сентябрдын ортосуна карата мындай кош каттоодогу орус учактарынын саны 560ка жеткени кабарланган.

Эл аралык жарандык авиация уюму аудиттин жыйынтыгында Орусияны учуу коопсуздугунда көйгөйлөр аныкталган өлкөлөрдүн тизмесине кошкон. Бул учактардын эки юрисдикцияда катталганы менен байланыштуу экени айтылган. Уюмдун бул чечиминин негизинде башка өлкөлөр орусиялык авиакомпаниялардын учактарына өз аба мейкиндиги аркылуу учуп өтүүсүнө тыюу сала алат.

Май айынын аягында Кытай орусиялык авиакомпаниялардын эки юрисдикцияда катталган Boeing жана Airbus учактарынын өлкө аймагында учуусуна тыюу салган.

XS
SM
MD
LG