Ссылки доступа

Гаитиде түрмөдөн миңдеген адам качып чыкты


Гаитидеги башаламандык (архив)
Гаитидеги башаламандык (архив)

Гаитинин борбору Порт-о-Пренс шаарындагы түрмөдөн миңдеген адам качып чыккандан кийин өлкө аймагында өзгөчө абал режими жарыяланды.

France-24 телеканалы кабарлагандай, жекшемби күнү кылмыштуу топтун куралдуу кол салуусунун жыйынтыгында Порт-о-Пренс түрмөсүндө отурган "миңдеген киши" эркиндикке чыккан.

Гаити бийлиги тартип орнотуу үчүн өлкө аймагында шаршемби күнгө чейин өзгөчө абал режимин, түнкүсүн коменданттык саат жарыялады. Өкмөттөн белгилешкендей, өзгөчө абал режиминин мөөнөтү жагдайга жараша узартылышы мүмкүн.

Түрмөгө кол салуу – баш калаадагы катаал зомбулук актылары менен бир маалда болду. AFP агенттиги кабарлагандай, Порт-о-Пренстин көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турган куралдуу топ бейшембиден бери шаарда вандализм жана башаламандыктар менен алектенген.

Куралдуу топ жекшембиге караган түнү Улуттук абактар башкармалыгын басып алган учурдагы кагылышууларда 10дөн ашык киши өлгөн.

Расмий булактардын маалыматына караганда, кол салуудан кийин түрмөдө кармалып турган 3 800 кишинин 100гө жакыны гана калган.

XS
SM
MD
LG