Ссылки доступа

Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон 72 саатка камалды


 Игорь Додон (архив сүрөт)
Игорь Додон (архив сүрөт)

Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 72 саатка камалды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокуратурасынын маалымат катчысы Марианна Кёрпек билдирди.

Шейшемби күнү эртең менен Молдованын Коррупцияга каршы прокуратурасы менен Маалымат жана коопсуздук кызматы Додондун үйүндө жана башка дагы 11 жайда тинтүү жүргүздү. Ал коррупцияга, мыйзамсыз баюуга жана мекенди сатууга шектелүүдө.

Молдованын Башкы прокуратурасы 18-майда Додонго каршы кылмыш ишин козгогон. Ал молдовалык олигарх Владимир Плахотнюктан пара алууга шектелген. Буга 2019-жылдагы видеожазуу себеп болгон. Жашыруун камера менен тартылган видеодо Плахотнюк ал кездеги президент Игорь Додонго кара баштык берүүгө аракет жасаган. Додон ага тийген эмес, бирок "сиз кайрадан баштык менен келдиңиз" деп айткан жана аны "Костя" деген кишиге берүүнү сураган. Видеодо Додон менен Плахотнюк конституциялык көпчүлүккө ээ болгон парламенттик коалиция түзүү маселесин талкуулашкан.

Бул видеодон кийин иликтөө башталып, Коррупцияга каршы прокуратура кылмыш курамын тапкан эмес, сот кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Бирок өткөн жумада Кишиневдун апелляциялык палатасы соттун чечимин жокко чыгарган. Додон айыптоолордун баарын четке кагууда.

Владимир Плахотнюк – Молдованын Демократиялык партиясынын мурунку төрагасы. Ал Молдова парламентинде эки чакырылышта депутат жана вице-спикер болгон. Молдовада Плахотнюкка карата ири суммадагы акчалай алдамчылыкка тиешеси бар деген себеп менен кылмыш иши иликтенүүдө. Ал Орусияда да бир катар кылмыштарга айыпталган.

Додон орусиячыл саясатчы болуп эсептелет. Президент кезде бир нече жолу Москвага барып, Кызыл аянтта Жеңиш парадына катышкан.

XS
SM
MD
LG