Ссылки доступа

Тобагодо мунай жүктөлгөн танкердин оодарылып кеткенине байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды


Тринидад жана Тобагонун жээгине төгүлгөн мунай. 11-февраль 2024-жыл
Тринидад жана Тобагонун жээгине төгүлгөн мунай. 11-февраль 2024-жыл

Кариб деңизинин жээгинде жайгашкан Тринидад жана Тобаго өлкөсүндө желексиз жана экипажсыз бараткан мунай жүктөлгөн танкер оодарылып кетти. Сууга жайылган мунайдан улам өлкөдө өзгөчө абал режими жарыяланды.

"Абал көзөмөлдө эмес", – деди Тринидад жана Тобагонун премьер-министри Кит Роули жекшемби күнү өзгөчө абал режимин жарыялап жатып.

Суучулдар бир нече күндөн бери агып чыгып жаткан мунайды токтото албай жатышат.

Мунай жээктин 15 чакырымга созулган бөлүгүнө жайылып, рифтер менен пляждарды зыянга учуратты. Тазалоо иштерине миңге жакын ыктыярчылар жардам берүүдө. Кырсык болгон жерге жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундарына беткап тагынып жүрүү же аймактан убактылуу көчүп кетүү сунушталды.

Жүз метрлик "Гольфстрим" кемеси Тобагонун жээгине жакын жерде 7-февралда оодарылып кеткен. Ал кырсык болгондугу тууралуу эч кандай белги берген эмес. Ошондой эле анда эч кандай желек жана экипаж мүчөлөрү болгон эмес. Бирок узун зым аркан табылган. Мындан улам аны башка кеме сүйрөп бараткан болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Кырсык Тринидад жана Тобагодогу карнавалдык салтанаттардын алдында катталды. Адатта бул күндөрү өлкө бюджети кыйла толуп, жергиликтүү туристтик операторлор максималдуу киреше табышат.

XS
SM
MD
LG