Ссылки доступа

Орусияда Кара-Мурзага саясий туткундарды колдогон акциясы үчүн кылмыш иши козголгон


Орусиялык оппозициячыл саясатчы жана журналист Владимир Кара-Мурзага саясий туткундарды колдоо иш-чарасы үчүн кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Прохоров билдирди.

Анын айтымында, Кара-Мурзага 2021-жылы октябрда Орусияда "жагымсыз уюм" деп табылган Free Russia Foundation уюмунун акчасына орусиялык саясий туткундарды колдоо жыйынын өткөргөнү үчүн айып тагылган.

Кара-Мурзага каршы 13-июлда жаңы кылмыш иши козголгону июль айынын аягында белгилүү болгон.

Апрелдин соңунан бери тергөө абагында отурган Кара-Мурза Орусияда жаңы кабыл алынган "Армия тууралуу жалган маалымат таратуу" мыйзамы боюнча камакка алынган алгачкы жарандардын бири. Кылмыш ишинин козголушуна анын АКШнын Аризона штатындагы мыйзам чыгаруучулардын алдында орус бийлигинин аракеттерин жана Украинадагы согушту сындап сүйлөгөнү себеп болгон.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Кара-Мурза башка оппозициялык активисттер менен биргеликте "Согушка каршы комитет" түзгөн. Комитеттин мүчөлөрү дүйнө коомчулугун "Украинага кол салуу тууралуу буйрук берген Орусиянын жетекчилигин аскер кылмышкери деп жарыялоого" чакырышкан.

XS
SM
MD
LG