Ссылки доступа

Башкырстандын 64 тургунуна активист Фаил Алсыновду колдоо митингине катышканы үчүн иш козголду


Башкырстанда соттолгон активист Фаил Алсыновду колдогон акциянын 64 катышуучусуна “жапырт баш аламандыкка катышкан”,  “полиция кызматкерлерине зомбулук көрсөткөн” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Пруфы" басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды.

Басылма белгилегендей, бул иштер боюнча айыпталуучулардын көбү кармалып, камакка алынган. Кармалган активисттердин арасында төрт аял бар.

Активисттин эң кичүүсү 20 жашта, эң улуусу 60 жашта.

"ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору активисттерге тагылган айыптын маңызы тууралуу дээрлик маалымат жок экенин белгиледи. Айыпталуучулардын бирин коргогон укук коргоочу долбоордун юристинин айтымында, камалгандардын көбү “полицияга кар ыргыткан” деп айыпталууда.

17-январда Башкырстандын Баймак шаарында райондук соттун чечими менен жергиликтүү экоактивист, Куштау тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов "жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козуткан" деген айып менен төрт жылга соттолгон. Ошол күнү бир нече миңдеген киши сот имаратынын алдына чогулуп, активистти бошотууну талап кылышкан. Полиция алардын тарап кетүүсүн талап кылып күч колдонгондо ортодо башаламандык тутанган.

XS
SM
MD
LG