Ссылки доступа

ЕБ Грузияга бир катар шарт менен талапкер макамын берүүгө даяр


Европа Биримдигинин Брюсселдеги саммити. 23-июнь 2022-жыл
Европа Биримдигинин Брюсселдеги саммити. 23-июнь 2022-жыл

Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель ЕБ Грузиянын "европалык перспективасын" тааныганын жана бир катар шарттар аткарылгандан кийин ага талапкер макамын берүүгө даяр экенин айтты.

Мунун алдында ЕБ саммити Украина менен Молдовага Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамын берди. Бул тууралуу Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель менен Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель кабарлады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимди кубаттап, аны Украина менен ЕБнын мамилесиндеги уникалдуу учур деп атады. Украинанын ЕБдагы элчиси Всеволод Ченцов Reuters агенттигине бул чечим Москва үчүн Украина жана башка мурдагы совет өлкөлөрү орусиянын таасири алдында кала албай турганы жөнүндө белги экенин айтты.

23-июнда Европарламент Украина менен Молдовага ЕБга кирүүгө талапкер макамын берүүнү жактаган резолюцияны кабыл алган. 529 депутат "макул", 45 депутат "каршы" деген добушун берген.

Украина менен Молдовага бир катар Батыш Балкан өлкөлөрүндөй жана Түркияныкындай толук кандуу макам берилди. Бирок сүйлөшүүлөр коррупция менен күрөшүү жана мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөгө байланышкан маселелерге жараша болот. ЕБге алар качан кирери теориялык жактан да так айтылбайт, айрым саясатчылар бул ондогон жылдарды алышы мүмкүн экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG