Ссылки доступа

Украина менен Орусия туткундарды алмашты


Украина аймагында согушкан туткундагы орус жоокерлери, архив сүрөт
Украина аймагында согушкан туткундагы орус жоокерлери, архив сүрөт

28-июнда Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын жетекчиси Орусия менен туткундарды алмашуу болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, туткунга түшкөн 15 орус жоокери 16 украин аскер кызматкери менен бир карапайым жаранга алмаштырылган. Алардын ичинен 14ү жоокер, экөө офицер болгон.

"Украинская правда" басылмасы билдиргендей, туткунга түшкөндөрдү арасында деңизчилер менен десанттар бар. Алар эки ай мурун колго түшүшкөн. Аскерлердин бешөө алмашууга чейин орус ооруканаларында болгон, дагы бешөөнүн жаракаты оор жана тезинен дарылоого муктаж.

Алмашуу Херсон жана Николаев облустарынын чек арасында жүргөн. Бул аймак учурда орус армиясынын көзөмөлүндө.

Орусиянын Коргоо министрлиги алмашуу жөнүндө комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG