"Контрчабуул бир нече күндөн бери уланып жатат. Бул 1 500 чакырымга созулган интенсивдүү согуш, бирок аракеттер башталды", – деди Подоляк.
Анын айтымында, Украина Орусиянын аймактарына чабуул жасабайт, өнөктөштөр берген курал-жарак оккупацияланган жерлерди, анын ичинде Донбасс менен Крымда бошотуу үчүн колдонулат.
"Бүгүнкү күндө бизде алыс аралыкка уча турган Storm Shadow ракеталары, Leopard танктары жана Франция менен Италия берген ракетага каршы системалар бар. Жакында келе турган F-16 учактары аба мейкиндигин жабууга мүмкүндүк берет. Эгер бул учактар бир жыл мурун берилгенде, анда согуш эчак эле аяктамак", – деди Подоляк.
25-май күнү эртең менен Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин жоочулары Украинанын Бахмут шаарынан чыгарыла баштаганын билдирди. Интернетке жарыяланган видеодо ал "вагнерчилер" 1-июнга чейин "арткы лагерлерге" өтүп, Бахмутта алардын ордун орус армиясынын бөлүктөрү ээлей турганын айтты.
Пригожин 20-майда Бахмут толугу менен орус тараптын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. Бирок Киев шаар толук көзөмөлдөн чыкканын четке каккан.
Бахмутта 2022-жылдын августунан бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп, калаа дээрлик талкаланып калды.