Ссылки доступа

Украина Орусияга каршы Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылды


Адам укуктары боюнча Европа сотунун Страсбург шаарындагы имараты
Адам укуктары боюнча Европа сотунун Страсбург шаарындагы имараты

Украина Орусияны эл аралык укукту бузуу менен жарандык адамдарга максаттуу түрдө кол салууга айыптап, Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылды.

Маалыматка караганда, арыз 23-июнда кабыл алынып, 28-июнь күнү кечинде аны Адам укуктары боюнча Европа сотунун төрагасы Роберт Спано судьяларга берип, бул тууралуу Орусияга кабарлаган.

Доо арызда Украинанын аймагындагы согуштук аракеттердин жүрүшүндө Орусия жапырт түрдө адам укуктарын одоно бузуп жатканы жазылган. Киев орус аскерлерин жана Орусиянын көзөмөлүндөгү башка куралдуу түзүмдөрдү Адам укуктары боюнча Европа конвенциясы тарабынан ырасталган бир катар укук бузууларга айыптоодо. Алардын арасында адамдардын жашоого, эркиндикке, коопсуздукка, билим алууга жана эркин жүрүүгө болгон укуктары бар.

Доо арызда Украинадагы согушта миңдеген жарандык адам өлүп, жарадар болуп, кармалып, дайынсыз жоголуп, жүз миңдеген объект талкаланып, миллиондогон киши өз үйүн таштап кеткени белгиленген.

16-мартта Украинага кол салганы үчүн Орусия Европа Кеңешинен чыгарылган. 16-сентябрдан кийин Орусия Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын катышуучусу макамынан ажырайт.

11-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Адам укуктары боюнча Европа сотунун 2022-жылдын 15-мартынан кийинки чечимдерин аткарбоо тууралуу мыйзамга кол койгон.

"Агора" эл аралык укук коргоо тобунун өкүлү Кирилл Коротеев бул мыйзам Адам укуктары жана негизги эркиндиктери тууралуу Европа конвенциясын буза турганын белгиледи. Документке ылайык, Орусия өзүнө тиешелүү болгон Адам укуктары боюнча Европа сотунун бардык чечимдерин аткарууга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG