Бул украин аскер командачылыгынын жоготуулар тууралуу согуш башталгандан берки алгачкы расмий билдирүүсү.
Июнда Украина президентинин кеңешчиси Алексей Артестович согушта 10 миң украин аскер кызматкери өлгөнүн айткан.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын жоготуулары тууралуу акыркы жолу апрелде билдирүү жасап, 23 367 украин аскери каза болгонун белгилеген. Андан бери мекеме конкреттүү операцияларда өлгөн делген украиналыктар тууралуу гана маалыматтарды жарыялап келет.
"Проект" басылмасы украин тараптын жоготуулары жөнүндөгү Орусиянын бардык маалыматтарын кошуп эсептесе, алардын жалпы саны 50 миңден ашарын билдирди.