Анын айтымында, бул каражат мугалимдер менен куткаруучулардын эмгек акылары жана социалдык жөлөк пулдар өңдүү бюджеттин приоритеттүү чыгымдары үчүн жумшалат.
Шмыгал колдоосу үчүн АКШ менен Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирип, бул жардам Украинага "быйылкы каржылык мезгилден ишенимдүү өтүүгө" мүмкүндүк берерин белгиледи.
Украина быйыл АКШдан жалпысынан 7,8 миллиард доллар алат. Орусия толук масштабдуу басып кирген 2022-жылдан бери Вашингтон украин бюджетин колдоо үчүн берген каражат 27 миллиард долларга жетти.