Арызды үчүнчү өлкөлөрдөгү украин дипломаттары карашат. Себеби 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Киев Кремль менен бардык дипломатиялык байланыштарын үзүп, украин дипломаттары бул өлкөдөн чыгып кетишкен.
Бул арада виза чек арадан өтүүгө жүз пайыз кепилдик бербейт. Акыркы чечимди көзөмөл өткөрмө бекеттеринин чек арачылары кабыл алышат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялыктарга виза режими улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн киргизилип жатканын айткан.
Орусия менен виза режимин киргизүү жөнүндө чечим президенттин кеңсесине электрондук петиция келип түшкөндөн кийин кабыл алынган. Зеленский 25 миң кол чогултулгандан кийин аны колдогон.
Орусия ТИМи улуттук кызыкчылыктарды жана гуманитардык кызыкчылыктарды эске алуу менен жооп кайтарарын билдирди.
Москва Крымды аннексиялап, Донбасста аскердик жаңжал баштаганда да Орусия менен Украинанын ортосунда визасыз режим болгон. Орусиялыктар Украинада 90 күн визасыз жүрө алышкан. Алар өлкөгө чет паспорт жана тыкыр текшерүүдөн кийин гана өткөрүлгөн. 2014-жылдан кийин Украинага кирген Орусия жарандары азайган.