Ссылки доступа

Украина референдумдарга байланыштуу БУУдан чукул жыйынга чогулууну талап кылды


Украина өлкөнүн Орусия көзөмөлдөп турган аймактарында өтүп жаткан референдумдарга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинен чукул жыйынга чогулууну талап кылды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Олег Николенко билдирди.

Анын айтымында, Орусия БУУнун уставын бузуп, Украинанын эл аралык коомчулук тааныган чек арасын бузуу аракети үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек.

Украинанын өздөрүн "ДНР" жана "ЛНР" деп атап алган жикчил аймактарында жана Орусиянын көзөмөлүндөгү Херсон облусу менен Запорожье облусунун бир бөлүгүндө 23-сентябрда башталган Орусияга кошулуу тууралуу референдумдар беш күнгө созулат. Добуш берүү жүрүп жаткан бул аймактарда эл аралык ЖМКлардын өкүлдөрү жана эл аралык түзүмдөрдүн байкоочулары жок. Украина да, эл аралык коомчулук да бул референдумдардын жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришкен.

Бир катар басылмалар референдум деп аталып жаткан бул иш-чара көптөгөн мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын кабарлоодо – адамдар добуш берүүнүн жашыруундуулугу сакталбаган шартта, шайлоо тилкелеринен тышкаркы жерлерде куралдуу адамдардын көзөмөлүндө добуш берүүдө.

Эксперттердин көбү референдумдардын жыйынтыгы бурмаланып, Москва 29-30-сентябрь күндөрү аталган аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары жарыялайт деп тынчсызданууда. Алардын айтымында, андан соң орус бийлиги өлкө аймагында аскердик абал жарыялап, согуштук агрессияны күчөтүүгө, анын ичинде өзөктүк курал колдонууга чейин барышы мүмкүн.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG