Украин бийлиги Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн – Франциядан, Улуу Британиядан, АКШдан жана Кытайдан чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат. Орусия да бул уюмдун туруктуу мүчөсү жана вето койгонго укугу бар.
"Орусиянын Беларус аймагында өзөктүк курал жайгаштыруу ниети жөнүндө акыркы билдирүүсү – кылмыштуу путиндик режимдин кезектеги чагымчыл кадамы болуп эсептелет. Бул өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимдин негизин, өзөктүк куралсыздандыруунун архитектурасын жана эл аралык коопсуздук системасын бузат", - деп айтылат украин ТИМинин билдирүүсүндө.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги беларус коомуна да кайрылып, “кылмыштуу ниеттин ишке ашуусуна жол бербөөгө” үндөдү.
25-мартта "Россия-24" каналы Орусиянын президенти Владимир Путиндин маегин көрсөткөн. Путин Москва Беларуска жогорку тактыктагы өзөктүк куралын жайгаштыра турганын жарыялаган. Анын айтымында, 1-июлда Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоочу жайдын курулушу аяктайт. Мындан тышкары Орусия коңшусуна мындай куралды алып жүрүүчү "Искандер" комплексин берген.