Ссылки доступа

Украин жеңил атлетчиси 37 жылдан бери кармалып келген дүйнөлүк рекордду жаңыртты


Ярослава Магучих (архив сүрөт)
Ярослава Магучих (архив сүрөт)

Украиналык жеңил атлетчи Ярослава Магучих кыз-келиндер арасында бийиктикке секирүү боюнча 37 жылдан бери кармалып келген дүйнөлүк рекордду жаңыртты.

Магучих Париждеги жайкы Олимп оюндарынын алдында өткөн мелдеште 2 метр 10 сантиметр бийиктикке орнотулган чектен ашып өттү.

Буга чейинки 2 метр 9 сантиметрлик рекордду 1987-жылы августта дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, болгариялык спортчу Стефка Костадинова койгон.

Ярослава Магучих дүйнөнүн эки жолку жана Европанын төрт жолку чемпиону. 2020-жылдагы Олимп оюндарында коло медал уткан. Ал 2022-жылы жазында Орусиянын кол салуусунан улам өзү туулуп-өскөн Днепр шаарын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG