Бул тууралуу Жогорку Раданын адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец 14-январда Давостогу форумда билдирди.
Анын айтымында, балдардан тышкары Украинага 2 828 киши кайтарылды.
"Биздин милдет - бардыгын кайтаруу", - деди Лубинец.
Украин бийлигинин расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын аягына карата Украинадан Орусияга 19 546 бала чыгарылып кеткен. Бул расмий түрдө гана катталган учурлар.
Былтыр март айында Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди жана балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген. Алар украин балдарын Украинанын Киевге баш ийбеген же Орусия басып алган аймактарынан мыйзасыз алып чыгып кеткен деп шектелүүдө.
Украин президентинин жубайы Елена Зеленская Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында (ПАСЕ) сүйлөп жатып, Эл аралык кылмыш соту эки гана шектүүнүн атын атаганын, чындыгында алар миңдеп саналарын, анткени бул кокустан жасалган кылмыш эмес, балдарды уудоого багытталган атайын механизм экенин белгилеген.
Кремль мажбурлап депортациялоо боюнча айыптоолорду четке кагууда. Орус бийлиги алар "балдарды согуштук аракеттерден сактап калганын" жана ата-энелери жана камкорчулары сураса, кайтарып берүүгө даяр экенин айтууда.