Ссылки доступа

Тажикстан: Нурек суу сактагычындагы суунун деңгээли нормадан эки метрге төмөн


Тажикстандын энергосистемасынын негизги активи эсептелген Нурек ГЭСинин суу сактагычы дале болсо жетиштүү деңгээлде толо элек.

Июлдун аягында Нурек ГЭСинин өкүлдөрү суу сактагычтагы суунун деңгээли "керектүү өлчөмдөн эки метрге" төмөн экенин билдиришкен. Алардын айтымында, жыл сайын августка карата суу сактагыч толуп, ашыкча суу дарыяга агызылып келген.

Бүгүнкү күндө Тажикстандагы эң ири деп эсептелген тогуз агрегаттуу бул гидротүйүндүн эскирген жабдуулары жаңысына алмаштырылууда. ГЭСтин жаңы жабдуулары орнотулган бешинчи агрегаты учурда тесттик режимде иштеп жатат.

Нурек шаарынын башчысы Фируза Шарифи журналисттерге бул агрегат расмий түрдө жакынкы күндөрү пайдаланууга берилерин билдирип, бирок анын так датасын айткан жок.

Нурек ГЭСи Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан жана өлкөдөгү эң ири гидротүйүндөрдүн бири болуп эсептелет.

Тажикстан суу ресурстарына бай экенине карабастан, өлкөдө калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү маселеси дале чечиле элек. ГЭСтер жай мезгилинде өлкөнү электр жарыгы менен толук камсыз кылганы менен, күз-кыш мезгилинде жыл сайын чектөөлөр киргизилип турат.

XS
SM
MD
LG