Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшандагы башаламандык боюнча беш киши өмүр бою эркинен ажыратылды


Толиб Айёмбеков, Мунаввар Шанбиев жана Ниёзшо Гулобов
Толиб Айёмбеков, Мунаввар Шанбиев жана Ниёзшо Гулобов

Тажикстандын Жогорку соту Тоолуу Бадахшан автоном облусунан чыккан беш кишини, анын ичинде активист Мунаввар Шанбиев, мурдагы командир Толиб Айёмбеков жана Имум Шоишириновду өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Озоди” радиосу билдирди.

Дагы сегиз киши 10 жылдан 30 жылга чейин кесилди. Толиб Айёмбековдун жакындарынын бири журналисттерге өкүм 22-ноябрда чыкканын кабарлады. Тажикстан бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий берген жок, сот жараяндары жабык режимде өткөн.

Соттолгондордун биринин агасы сот аны жапырт башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо, киши өлтүрүү, бейбаштык, экстремизм жана аткезчилик айыптары боюнча күнөөлүү деп тапканын маалымдады. Анын айтымында, бул айыптоолордун баары негизсиз болгон.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 220 адам кармалганы ырасталган.

Андан бери нааразылыктарды уюштурууга айыпталган ондогон активист кармалып, камалды. Тажикстандын Жогорку соту башаламандыктарды уюштурууга айыпталган Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара кызматынын мурдагы башчысы Холбаш Холбашовду өмүр бою абакка кескен.

XS
SM
MD
LG