Ссылки доступа

АКШ Украинага дээрлик 3 миллиард долларлык аскердик жардам берет


АКШ Украинага дагы 2,98 миллиард долларлык аскердик жардам берет. Бул тууралуу президент Жо Байдендин Украинаны Эгемендик күнү менен куттуктаган билдирүүсүндө айтылат.

"АКШ өз эгемендиги үчүн күрөшүп жаткан Украинанын элин колдоого даяр. Бул милдеттенменин алкагында Украинанын коргонуу тармагына жардам катары бөлүнө турган эң ири траншты сыймыктануу менен жарыялайм. Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү боюнча демилгенин алкагында болжол менен 2,98 миллиард доллар бөлүнөт", – деди президент.

Байдендин айтымында, бул Украинага абадан коргонуу системаларын, артиллериялык системаларды, ок-дарыларды, учкучсуз учуучу аппараттарды жана радарларды сатып алууга мүмкүндүк берет.

"Акыркы алты айдын ичинде украиналыктар өзгөчө эрдиги жана эркиндикке болгон умтулуусу менен бүткүл дүйнөнү шыктандырды. Алар Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна чечкиндүүлүк менен каршылык көрсөтүүдө. Бүгүн биз өткөндү гана майрамдаган жокпуз, Украина эгемен жана көз карандысыз өлкө экенин жана келечекте да ошондой бойдон каларын ырастап жатабыз", – деп жазылган Байдендин куттуктоосунда.

19-августта Жо Байден Украинага аскердик жардам катары 775 миллион доллар бөлүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда колдоо көрсөтүү пакетине HIMARS системалары үчүн ок-дарылар, учкучсуз учуучу 15 Sky Eagle аппараты, радиолокацияга каршы HARM ракеталары, ошондой эле танкка каршы TOW жана Javelin комплексттери кире турганы кабарланган.

АКШ Украинага жалпысынан 16 HIMARS системасын берди. Киев буга чейин ондогон чакырым алыстыкка атууга жөндөмдүү системаларсыз Донбассты натыйжалуу коргоп, оккупацияланган аймактарды бошото албай турганын белгилеп келген.

XS
SM
MD
LG