Ссылки доступа

Өзбекстанда туугандар арасындагы никеге тыюу салуу сунушталды


Өзбекстанда экинчи, үчүнчү жана төртүнчү муундагы туугандардын никеге туруусуна тыюу салган мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Учурда Өзбекстанда жакын туугандардын ортосунда (мисалы, кыз менен атанын ортосунда), бир туугандар менен аталаш-энелеш бир туугандардын ортосунда, ошондой эле асырап алгандар менен асырап алынган балдардын ортосунда никеге турууга тыюу салынган.

Мыйзам долбоорунда экинчи, үчүнчү жана төртүнчү муундагы туугандардын никеге туруусуна тыюу салуу сунушталууда. Генетикалык тест оң натыйжа бергендерге үй-бүлө курууга уруксат берилиши ыктымал.

Документти Үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча комитет иштеп чыгып, парламенттин кароосуна сунуштады. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде туугандар арасында түзүлгөн үй-бүлөлөрдө генетикалык оору менен төрөлгөн балдардын саны өсүп жатканы айтылат. Алсак, 2023-жылы тубаса кемтиктери жана генетикалык оорулары бар балдардын 9,7% жакыны тууган түйгөйлөрдөн төрөлсө, 2022-жылы бул көрсөткүч 8,3%, 2021-жылы 9,1% түзгөн.

2021-жылдын экинчи жарымында Өзбекстанда аталаш туугандар менен никеге турган 1 210 учур катталса, анын жарымынан көбү Сурхандарья (343) жана Кашкадарыя (371) облустарына туура келген.

2023-жылдын аягында тубаса кемтиги жана генетикалык оорусу бар балдар дал ушул эки аймакта көп төрөлгөн.

XS
SM
MD
LG