Ссылки доступа

Өзбекстанда жарык талап кылган аял энергокомпания кызматкерине бычак такады (видео)


Ташкент облусунун Чирчик шаарында жергиликтүү тургун энергетикалык ишкананын кызматкеринин мойнуна бычак такап, жарыкты калыбына келтирүүнү талап кылган.  Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 16-январда Чирчикте үйдө жарык жоктугуна нааразы болгон бир нече тургун шаардык электр түйүндөр компаниясынын диспетчердик пунктуна келген.

"35 жаштагы В.Н. аттуу аял мекеме кызматкерине бычак такап, жарыкты калыбына келтирүүнү талап кылып, болбосо өлтүрөрүн айтып коркуткан", - деп кабарлады мекеменин басма сөз кызматы.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Ташкентте, Ташкент облусунда жана Өзбекстандын башка аймактарында бир аптадан бери бул чөлкөмгө мүнөздүү эмес катуу суук өкүм сүрүүдө. Жергиликтүү бийлик жана энерготүйүндөр компаниялары мындай жагдайга даяр эмес экени аныкталды. Ташкент жана башка шаарларда сууктан улам электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурап жатат.

16-январда Ташкент шаарынын мэри Жахангир Артыкхожаев аяздагы энергетикалык кризистен улам кызматтан алынган. Эки жарым миллиондой калкы бар баш калаанын бир катар кичи райондорунун башчыларына сөгүш берилген.

Өзбекстанда кыштын ызгаарында конуштарда, көп кабаттуу үйлөрдө газ жана электр энергиясы эки-үч күнгө чейин өчүп жатканы элдин нааразылыгын күчөгөн. Дем алышта Ташкенттин айрым тургундары үйлөрүнүн алдына каршылык акциясына чогулуп, социалдык түйүндөрдө шаардын мэрин гана эмес, президенттин да кызматтан кетишин талап кылган учурлар болду.

36 миллион калкы бар Өзбекстанда быйыл кыш катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болууда. Өлкөдөгү ири соода борборлоруна кечки саат бешке чейин гана иштөө эрежеси киргизилди.

16-январда Энергетика министрлиги батирлерде бирден гана жылытуучу жабдыктарды колдонууну, жеке ишкана жана уюмдардын кызматкерлерине онлайн режимде иштөөнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG