Министрдин айтымында, Ташкент эч убакта газ алмашууда саясий соодалашууга барбайт. Москва менен Ташкент орус газын Казакстан аркылуу жеткирүү маселесин карап жатат, бирок бул "техникалык келишим".
Reuters белгилегендей, кыш суук болуп жаткан маалда Өзбекстан отун тартыштыгынан жапа чегип, атүгүл Кытайга күнүнө алты миллион куб метр газ экспорттоону токтотууга аргасыз болду. Өлкө бийлиги кошумча жаратылыш газын, электр энергиясын, көмүр жана мазут сатып алуу үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Өлкөдө суюлтулган газдын экспортуна тыюу салынууда.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путиндин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусунда Өзбекстан менен бирге газ биримдигин түзүү демилгеси жаңырганы айтылган.
Ошол эле маалда Астана да, Ташкент да санкцияларга байланыштуу буга кызыктар эмес экенин белгилешти.
Мурдараак Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко Казакстан өз аймагын Батыш өлкөлөрүнүн санкциясын кыйгап өтүүчү жер катары колдонууга жол бербей турганын айткан.