Ссылки доступа

Өзбекстан Евробиримдиктен Алишер Усмановго каршы санкцияны алып салууну сурады


Алишер Усманов
Алишер Усманов

Өзбекстан бийлиги Европа Биримдигинен орусиялык олигарх Алишер Усмановго салынган санкцияларды алып салууну сурап, чектөө бизнесменге өлкө экономикасына инвестиция салууга тоскоолдук жаратып жатканын билдирди. Бул тууралуу Financial Times жазды.

Гезит өз булактарына таянуу менен өзбек өкмөтүнүн аткаминерлери санкцияны алуу жөнүндө жакында Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолуккан маалда айтышканын кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Ташкент Алишер Усмановдун карындашы Гүлбахор Исмаиловага салынган чектөөнү да алууну сураган. ЕБ ал бизнесмендин айрым активдерине, анын ичинде баасы 600 миллион доллар турган "Дилбар" кемесине ээлик кылат деп эсептейт.

Теги өзбекстандын орусиялык миллиардер бул өлкө менен тыгыз байланышта. Азыркы тапта Ташкент Усмановго санкциялар боюнча юридикалык жардам көрсөтүүгө да даяр.

Financial Times Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылганда, мекеме Өзбекстан өкмөтүнүн аракети боюнча комментарий бере албастыгын, бирок санкциялар чынында эле инвестициялык жана кайрымдуулук долбоорлоруна тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

69 жаштагы Алишер Усманов Орусиянын эң бай адамдарынын бири. Forbes журналы анын байлыгын 11,5 миллиард долларга баалаган. Февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин ал эл аралык, анын ичинде Европа өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелерине киргизилген. Май айында ал өзүнө каршы санкцияларды жоюу өтүнүчү менен Европа сотуна кайрылган. Сентябрда Венгрия Европа биримдигинен Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну талап кылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG