Маалыматка караганда, 24-июлда Ашхабад аэропортунда Орусияга иштегени кетип жаткан бир нече жаран "Ашхабад – Москва" каттамына киргизилген эмес. Алардын бири, Түркмөнабад шаарынын 38 жаштагы тургуну ажаатканада кан тамырын кесип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны полиция кызматкерлери таап, куткарып калышкан.
Учурда укук коргоо органдары аны психоневрологиялык ооруканага жаткырууга аракет кылууда. Ал Орусияга шал оорусу менен жабыркаган кызынын дарылануусуна акча табуу үчүн барууну көздөгөнү айтылууда.
Ал арада 24-июлдагы "Ашхабад – Москва" каттамына киргизилбеген дагы бир жаран өз жанын кыюуга аракет кылганы кабарланууда. Полиция кызматкерлеринин айтымында, ал да кан тамырын кесип жиберген.
Жергиликтүү байкоочулардын айтымында, бийлик негизсиз, эч кандай себебин түшүндүрбөстөн эле жарандардын чет өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салууда. Өз кезегинде бул экономикалык кыйынчылык жана жумушсуздук шартында күн кечирип жаткан жарандардын жашоосун мындан да оорлотууда.
Ашхабад аэропортунда жарандарды себептерин түшүндүрбөстөн эле эл аралык каттамдарга киргизбей койгон учурлар ондоп саналат. Чет өлкөлөргө окууга кетип жаткан жаштарга учакка отуруу үчүн Миграция кызматынын өкүлдөрүнө пара берүү кеңештери айтылууда.
Талдоочулар бийликтин мындай чарасын өлкөнүн азайып жаткан калкынын санын сактап калуу аракети менен байланыштырып жатышат.