Маалыматка караганда, Хоккайдо шаарынан учуп келген учак өлкөнүн Жээк күзөт кызматынын учагы менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында экинчи учактагы алты кишиден турган экипаж мүчөлөрүнүн бешөө каза болду.
Жээк күзөт кызматына таандык учак жер титирөөдөн жабыркаган Нигата шаарына жардам жеткирүүгө камданып жатканы кабарланды.
1-январдан бери Жапонияда 150дөн ашык жер силкинүү катталып, алардын күчү 7,6 баллды түзгөн эң ириси Исикава префектурасында катталды. Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирүүдөн каза болгондордун саны 57 кишиге жетти.