Ссылки доступа

Ооганстанда шарият мыйзамдарынын үстөмдүгү орнотулууда


Ооганстандын талибдер түзгөн өкмөтү. Кабул шаары, 2022-жыл
Ооганстандын талибдер түзгөн өкмөтү. Кабул шаары, 2022-жыл

"Талибан" кыймылынын жогорку лидери Хайбатулла Ахундзада ооган сотторуна отурумдарды өткөрүүдө жана өкүм чыгарууда шартият мыйзамдарын колдонуу буйругун берди.

Бул күнөөлүү деп табылган адамды эл алдында өлүм жазасына тартууга, ташбараңга алууга, жаза катары колу-бутун же башын алууга жол берилиши мүмкүн дегенди билдирет.

Ахунзада сотторду ислам мыйзамдары боюнча "худуд" категориясына кирген, ырайым берилбей турган кылмыштарды кароого өзгөчө көңүл бурууга чакырды. "Худудга" уурулук, ойноштук кылуу же ал боюнча жалган жалаа жабуу, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана дин ишенимин өзгөртүү сыяктуу кылмыштар кирет. Укук коргоочулар "дин ишенимин өзгөртүүгө" бийликтин пикирине макул болбогон активисттер да айыпталып кетиши ыктымалдыгын айтып, тынчсызданууларын билдирүүдө.

2021-жылы августта бийликке келгенден кийин "Талибан" кыймылы 1990-жылдардагыдан кыйла ырайымдуу бийлик жүргүзүүгө убада бергенине карабастан, ал кайрадан теократиялык диктатура режимине кайтууда.

Талибдер бийликке келгенден бери соцтармактарда, маалымат каражаттарында эл алдында жазалоо - балак алуу учурларынын сүрөттөрү жарыяланган. "Талибандын" полициясы кармоо учурунда өлтүрүлгөн кылмышкерлердин сүрөттөрүн да ачык жарыялап келет.

Талибдердин өкмөтү мурда НАТО жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташкан адамдарды да репрессиялап жатканы кабарланууда. Алардын бийликке келиши менен аялдар менен кыздардын укуктары кескин чектелип, окууга, иштөөгө, коомдук иштер менен алектенүүгө жана ээн-эркин жүрүүсүнө тыюу салынган.

"Талибан" кыймылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да террористтик уюм деп табылган.

XS
SM
MD
LG