Буга чейин Наргиз Северная армиядагы көйгөйлөр жөнүндө айткан күйөөсү Владимир Северныйга карата чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн экенин соцтармактарга жазган.
Журналисттердин уулу Ратмир Северный ата-энеси 20-апрель күнү кечинде "Достык Плаза" соода борборунда кармалганын билдирди. Анын айтымында, жакындары ал-жайын билүү үчүн алар менен байланыша албай жатат.
Алматы шаардык полиция департаменти жубайлар өлкөдөгү ишканалардын биринен "терс маалыматты чыгарбоо үчүн" талап кылган сумманын бир бөлүгүн алып жатканда кармалганын кабарлады.
"Адил сөз" фонду журналисттердин үй-бүлөсү жана адвокаты менен байланышта экенин, бирок жактоочу кылмыш иши боюнча маалыматтарды ачыктабоо тууралуу докуметке кол коюп бергендиктен, иштин чоо-жайы белгисиз экенин билдирди.