Ссылки доступа

Армения: орус аскердик базасынын жанындагы акцияда 100дөн ашык киши кармалды


Армениянын Гюмри шаарындагы орус аскердик базасынын алдында өткөн митингде 100дөн ашык киши кармалды. Бул тууралуу акцияны уюштурган "Улуттук демократиялык уюл" саясий кыймылы кабарлады.

Маалыматка караганда, демонстранттар аскердик базага бара турган жолду бууп, Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнөн Тоолуу Карабактагы Лачин коридорундагы кыймылды калыбына келтирүүнү талап кылышты. Чогулгандар эгер орус аскерлери бул багытта активдүү аракеттерди көрбөсө, аларды "оккупанттар" деп атай тургандыктарын айтышты.

"Орусиянын 102-базасы Арменияны, анын ичинде Тоолуу Карабакты басып алды деп дүйнө жүзүнө жарыялайбыз", - деди кыймылдын мүчөсү Ваге Гаспарян.

Лачин коридору – Тоолуу Карабакты Армения менен туташтырган жалгыз жол. 2020-жылкы согуштан кийин Армения менен Азербайжан кол койгон келишимге ылайык Лачин району Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу миссиясы көзөмөлдөмөй болгон.

Былтыр декабрдын ортосунда бул жолду азербайжандык активисттер тосуп, Тоолуу Карабактын аймагында армян бийлиги "табигый ресурстарды казып жатат" деп чыгышкан.

Армян бийлиги Лачин коридорунда жол жабылгандан кийин Тоолуу Карабакка тамак-аш жана башка күндөлүк зарыл товар жетпей, аймак гуманитардык кризистин алдында турганын билдирген. Премьер-министр Никол Пашинян орусиялык тынчтык орнотуучуларды эч бир чара көрбөгөнү үчүн айыптаган.

Ага чейин Баку Азербайжандын аймагында мыйзамсыз ишмердигин улантуу үчүн Ереван эл аралык коомчулукту атайылап жаңылыштыкка түртүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG