"Соода борборлордо, базарларда кайыр сурап жүргөн 60-70 жаштагы улгайып калган адамдар, балдарын жетелеген 30-40 жаштардагы келиндер көбөйдү. Алар үйлөрдү кыдырып, "Аллах үчүн" деп тилемчилик кылып жүрүшөт", – деди аты-жөнүн айткысы келбеген Ашхабаддын тургуну.
Экономикалык кыйынчылыктардан улам кайыр суроого аргасыз болгон түркмөнстандыктар үй-бүлөсүндө эч ким иштебей турганын же аз төлөнүүчү жалданма жумуштарда эмгектенишерин билдирүүдө.
"Биз мамлекеттен жөлөкпул же пенсия катары 500-600 манаттан ашпаган акча алабыз. Азыр жергиликтүү өндүрүштөгү бир мүшөк ун 300-350, казактардыкы 550-650 манаттан сатылууда. Үй-бүлөбүздө эч ким иштебейт, эч кандай кирешебиз жок. Мамлекеттик органдардын эч кимиси биздин кантип күн көрүп жатканыбызды сурап да коюшпайт. Өкмөт жумушсуз жарандарга социалдык жөлөкпул төлөбөйт. Ошондуктан ушундай аракеттерге барууга аргасызбыз", – деди колуна кичинекей баласын көтөрүп алып тилемчилик кылып жүргөн, аты-жөнүн билдиргиси келбеген келин.
Түркмөнстанда 2024-жылдын 1-январынан тарта айлык маяналар, пенсиялар, мамлекеттик жөлөкпулдар жана стипендиялар 10% жогорулаган. Минималдык пенсияны аныктоо үчүн базалык көрсөткүч 500 манат, мамлекеттик жөлөкпулдардыкы 470 манат деп белгиленген.
Өлкө президенти Сердар Бердымухамедов бул чечим калктын жашоо-шартын жакшыртууга багытталганын билдирген. Бирок түркмөнстандыктар мамлекет башчынын бул "берешендиги" алардын жашоосун жакшыртпаганын, анткени баалар айлыктардан да тездик менен өсүп жатканын билдиришүүдө.
Түркмөнстандын Борбордук банкынын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар.
Түркмөнстан акыркы алты жылдан бери эгемендик алгандан берки болуп көрбөгөндөй экономикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Ал жапырт жумушсуздук, товарлар менен кызматтардын бааларынын кескин өсүүсү менен коштолууда.