Көчө кагылышууларынан кесепетинен кеминде эки адам өлгөнү маалымдалды. Ондогон киши жаракат алды. Багдадда коменданттык саат жарыяланды.
Июнда Садырдын тарапташтары парламентке бойкот жарыялагандан бери Иракта саясий каатчылык уланып жатат.
Муктад ас-Садр жетектеген “Садрчылар кыймылы” былтыр октябрдагы шайлоодо биринчи орунду алып, Ирактын 329 орундуу парламентинде 74 мандатка ээ болгон. Коңшу Ирандын бийлиги менен байланышкан башка партиялар аз мандат алышкан. Садр өз алдынча башкаруучу коалиция түзө албай койгондон кийин депутаттарын чакыртып алган.
Садыр мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырып, тарапташтары бир нече аптадан бери көчө акцияларына чыгып жатышат.