Ссылки доступа

Бакуда Илхам Алиевди сындап жүргөн саясат таануучу кармалды


Бахруз Самадов
Бахруз Самадов

Саясат таануучу Бахруз Самадов мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен Бакуда кармалды. Бул тууралуу ал кызматташкан OC Media билдирди.

Самадовдун жоголгондугу тууралуу кабарлар шаршемби күнү кечинде пайда болгон, достору жана кесиптештери ал пландаштырылган жолугушууларга келбей калганын жана билдирүүлөргө жооп бербей жатканын айтышкан.

22-августта Самадовдун үй-бүлөсү анын шаршемби күнү кечинде кармалганын, батири тинтүүгө алынганын тастыктады.

Азербайжандык журналист Нурлан Либре X социалдык тармагында Самадовдун чоң энеси Зибейданын айткандарына таянуу менен ал мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталып жатканын жазды.

Мурдараак маалымдалгандай, Самадов Азербайжанда саясий активисттерди куугунтуктоо боюнча кеңири таралган практика – баңгизат сактаган деген айып менен кармалган.

Самадовдун кесиптештери жана тааныштары ал кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу Азербайжан өкмөтүнүн кысымына кабылып келгенин айтып жүргөнүн эске салышты. Самадов Азербайжандагы авторитаризм көйгөйлөрүнө көңүл буруп, макалаларында жана социалдык тармактарда Илхам Алиевдин режимин сындаган.

Самадов Прагада жашайт, ал жакта докторлук диссертациясын жазып жаткан. Изилдөөчүнүн досу The Insider басылмасына билдиргендей, ал Бакуга үй-бүлөсү жана достору менен жолугуу үчүн келген.

Азербайжанда былтыртан бери журналисттер менен активисттерди бир катар камакка алуулар уланууда.

XS
SM
MD
LG