Ссылки доступа

Беларуста мамлекетке чыккынчылык үчүн өлүм жазасы сунушталды


Беларуста мамлекетке чыккынчылык кылган чиновниктерди жана аскер кызматкерлерин өлүм жазасына тартуу сунушталды.

Парламент “Кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алганын "Азаттыктын" беларус кызматы жазды.

Мындан тышкары Беларус армиясынын жана укук коргоо органдарынын беделине шек келтирип, атайылап жалган маалыматтарды тараткандардын жоопкерчилиги жөнүндө берене киргизилүүдө.

Беларус - Европадагы өлүм жазасы жоюла элек жалгыз өлкө. Акыркы 30 жылда өлүм жазасына байланыштуу 400дөн ашуун өкүмү аткарылган.

Өткөн жылдын май айында Александр Лукашенко теракт жасоого аракет кылгандарды өлүм жазасына тартууга жол берген мыйзамга кол койгон. Оппозициянын тарапкерлерин "террордук аракеттер үчүн" айыптоо Беларуста көнүмүш тажрыйбага айланган.

XS
SM
MD
LG